Kyrgyz Republic

Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу
АКШнын Тынчтык Корпусу Кыргыз Республикасында 1993-жылы Кыргыз Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган расмий макулдашуунун негизинде ачылган. Азыркы учурда Тынчтык Корпусу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып келген «Англис тилин чет тили катары окутуу» долбооруна бардык күч-аракетин жумшоодо. Бул долбоор Кыргыз Республикасында Тынчтык Корпусу ачылган мезгилден бери ишке ашырылып келет.
АНГЛИС ТИЛИН ЧЕТ ТИЛИ КАТАРЫ ОКУТУУ
Тынчтык Корпусунун Англис тилин чет тили катары окутуу (АЧКО) долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин негизги өнөктөшү болуу менен мугалимдердин, окуучулардын жана жамаат мүчөлөрүнүн билимин жана кесипкөйлүгүн англис тилин окутуу ыкмаларын жакшыртуу аркылуу жогорулатууга багытталган.
Ыктыярчылар мамлекеттик жалпы билим берүү мектептерининде катардагы англис тил мугалими болуп эмгектенишет. Алар жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте англис тил сабагын чогуу пландаштырып өтүшөт. Жергиликтүү мугалим сабакта өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын пайдаланса, америкалык ыктыярчы англис тилинде эркин сүйлөөчү катары жана бөлөк билим берүү системада окуган тажрыйбасын бөлүшүү менен өз салымын кошот. Америкалык ыктыярчы менен жергиликтүү мугалим ыкмалары жана тажрыйбалары менен бири-бирин толуктап турат.

Ыктыярчылар мектептерге жана жамааттарга англис тилин окутуу материалдарын иштеп чыгууга, англис тилинде сүйлөө чөйрөсүн түзүүгө жана окутуунун инновациялык методдорун киргизүүгө жардам беришет.
Ошондой эле айрым ыктыярчылар мугалимдер үчүн тренинг, ден соолукту чыңдоо, турмуштук жана лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүү сыяктуу жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында кичи долбоорлорду жамааттар менен бирге аткарышат. Бул долбоорлордун айрым мисалдары катары, англис тилинин ресурстук борборлорун, жайкы лагерлерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча семинарларды айта кетсе болот.
ЫКТЫЯРЧЫЛАР КАЯКТА ЖАШАШАТ?
Ыктыярчылар эки жыл бою жергиликтүү кабыл алган үй-бүлөлөрдө жашашат. Кабыл алган үй-бүлөлөр ыктыярчыларга жергиликтүү жамаат менен таанышып, жуурулушканга, ошондой эле тилди үйрөнүүгө жардам беришет. Ыктыярчылар келгенге чейин мектептин администрациясы кабыл алуучу үй-бүлөлөр боюнча Тынчтык Корпусуна бир нече варианттарды сунуштайт. Тынчтык Корпусу өз талаптарына туура келген бирөөсүн тандап алат.
ЫКТЫЯРЧЫЛАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИШТӨӨГӨ КАНТИП ДАЯРДАНЫШАТ?
Кыргыз Республикасында эки жылдык иштөөгө киришкенге чейин Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары үч айлык даярдоо курсунан өтүшөт. Даярдоо курсунун максаты - ыктыярчылар Кыргыз Республикасында сак саламатта жана коопсуздукта жашап жана иштешине багытталган. Ушул үч ай бою алар жергиликтүү кабыл алган үй-бүлөлөрдө жашап, төмөндөгүдөй багыттар боюнча даярдыктан өтүшөт:

- Кыргыз тилинде баштапкы деңгээлде сүйлөө;
- Англис тилин чет тил катары окутуу ыкмаларын жана жергиликтүү мугалимдер менен окутууну практикалашат;
- Маданий аралык баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Окутуудан ийгиликтүү өткөн стажерлор гана толук кандуу ыктыярчылар боло алышат.
ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫНА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР КАНДАЙ?
Кыргыз Республикасында Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары болуш үчүн талапкерлер жигердүү тандоо процессинен өтүшөт. Алар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- АКШнын жараны болуусу.
- Аккредатацияланган университеттен бакалавр даражасы жана жетишүүсүнүн табели талап кылынат.
- Медициналык кароо: физикалык жана менталдык ден соолугунун иш кызматына туура келери тууралуу документ.
- Таржымалын текшерүү: жарандык, кесиптик жана финансылык аспекттерде мыйзам бузууларынын жоктугу;
- Тынчтык Корпусунун штаб-квартирасында интервьюдан ийгиликтүү өтүүсү;
- Кыргыз Республикасында кызматка чейинки даярдоо курсун ийгиликтүү аяктоосу.
ЫКТЫЯРЧЫЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН КРИТЕРИЙЛЕРИ КАНДАЙ?
Ыктыярчыларды кабыл алуу үчүн мектеп жана жамаат төмөндөгү критерийлерге жооп берүүсү керек:
- ыктыярчы менен бирдикте сабакты пландоого жана өткөрүүгө умтулган, жок дегенде бир англис тили мугалиминин болушу;
- мектептин директору жана администрациясы тарабынан колдоо;
- эки жылга ыктыярчыларды кабыл алууга жергиликтүү үй-бүлөнүн каалоосу;
- жашаган жеринде жүрүп турган транспорттун болушу.
ЫКТЫЯРЧЫНЫ ТАЛАП КЫЛУУ ПРОЦЕДУРАСЫ КАНДАЙ?
Бардык ыктыярчылар муктаж болгон жамааттарга басым жасоо менен, өлкөдөгү мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринде иштешет. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин алгачкы тизмесин бергенден кийин, Тынчтык Корпусунун кызматкерлери министрликтин өкүлдөрү менен кызматташтыкта мектептерди тандоонун жана аларды ыктыярчыларды кабыл алууга даярдоонун үстүндө иш алып барышат.
Процесс бир жылга жакын убакытка созулат жана төмөндөгүдөй кадамдардан турат:
- Мектептин директору жана англис тил мугалими шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрүнө Тынчтык Корпусунун ыктыярчысын кабыл алууга кызыкдарлыгы тууралуу кайрылат. Кайрылуу бир жыл мурун 15 октябрдан кечиктирилбей жиберилиши зарыл;
- Ошол эле учурда, кызыктар мектептердин 30 октябрга чейин Тынчтык Корпусунун анкетасын толтуруусу күтүлөт. Анкетаны бул шилтемеден жүктөп алыңыздар: TEFL Application Form 2020-2021
- Кызыкдар мектептердин тизмеси облустук усулдук борборлору тарабынан чогултулуп, Билим берүү жана илим министрлигине берилет;
- Билим берүү жана илим министрлиги бириктирилген тизмени Тышкы иштер министрлигинин макулдашусуна жиберет. Макулдашылган соң, тизме Тынчтык Корпусуна жиберилет;
- Билим берүү жана илим министрлигинен тизмени алгандан кийин Тынчтык Корпусу мектептерди тандоо процессин баштайт. Тынчтык Корпусунун коопсуздук жана программа кызматкерлери, доктурлары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп кызматкерлери жана жергиликтүү жамаат мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүшөт.
Байланыш үчүн:
Салтанат Нуруйбекова, Програмдык Менеджер, [email protected].